Айыл чарба министрлиги дыйкан-фермерлерди сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республикадагы бардык дыйкан-фермерлерге кайрылууда.


«Климаттын өзгөрүшү жана жаан-чачындын азайышына байланыштуу, 2026-жылдагы вегетациялык мезгилде суу ресурстарынын тартыштыгы байкалышы мүмкүн. Ушул себептен, сугат суусунун көлөмү чектелүү болуп, айрым аймактарда суунун жетишсиздиги күтүлүүдө.

 Министрлик дыйкан-фермерлерди төмөнкүдөй чараларды көбүрөөк колдонууга чакырат:

 -сууну үнөмдөөчү технологияларды (тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу) кеңири пайдалануу,

 -сууну аз талап кылган айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтүү,

 -кургакчылыкка чыдамдуу үрөндөрдү себүү,

 Суу менен камсыздоо маселелери боюнча райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына же министрликтин тиешелүү адистерине кайрылууга болот. Министрлик сугат мезгилинде суу ресурстарын адилеттүү жана тең салмактуу бөлүштүрүү иштерин жүргүзөт.

 Дыйкан-фермерлерди учурдагы кырдаалды түшүнүүгө жана сууну үнөмдөөчү ыкмаларды колдонууга өз үлүшүн кошууга чакырабыз», -деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *