Казакстандын борбору Астана шаарында Манастын эстелигинин ачылышы болду.
Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргызстан менен Казакстандын президенттери, коомдук жана маданият ишмерлери катышты.
Иш-чарада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Манастын эстелигинин борбор калаада орнотулушу казак элинин бооордош Кыргызстанга болгон сый-урматын көрсөтүп турарын айтты.
Ал эми Садыр Жапаров «Манас» эпосу кыргыз элинин тарыхий жана руханий мурасы экенин белгилеп, Токаевге жана эстеликтин ачылышына салым кошкон жарандарга ыраазычылык билдирди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *