Бишкекте күн мурун спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын биринчилиги старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Мелдеш Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өтүүдө. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда. Белгилей кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана самбо федерациясы тарабынан уюштурулууда. Мелдештер 20-апрелде жыйынтыкталат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *