Кыргызстанда февраль айында аба ырайы кандай болот?

Кыргызгидромет кыштын соңку айында абанын орточо температурасы нормадан 1…2° жогору болуп, жаан-чачын аз болорун билдирди.

▪️Чүй облусу — абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градустан 0…+5 градуска чейин, күндүз -2…+3төн +8…+13 градуска чейин жетет. Айрым күндөрү +20 градуска чейин чыгат.

▪️Таласта — түнкүсүн -7…-12ден -3…+2 градуска чейин, күндүз -3…+2ден +7…+12 градуска чейин болот. Айрым күндөрү +20 градуска чыгат.

▪️Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары — түнкүсүн -4…-9дан +1…+6га чейин, күндүз 0…+5тен +10…+15 градуска чейин болот. Айрым күндөрү +21 градуска чыгат.

▪️Ысык-Көл жергеси — түнкүсүн -7…-12ден 0…-5ке чейин, күндүз -4…+1ден +3…+8 градуска чейин болот.

▪️Нарында — түнкүсүн -13…-18ден -2…-7ге чейин, күндүз -5…-10дон 0…+5ке чейин болот. Айрым түндөрү сууктун күчү -26 градуска жетет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *