Жогорку Кеңеш «Тынчтык жөнүндө» мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш «Тынчтык жөнүндө» мыйзамга жана башка ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алды. Жаңы нормалар ызы-чууга каршы көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.

Документке ылайык, эми кварталдык комитеттер тынчтыкты бузуу фактылары боюнча акт түзө алышат. Бул материалдар милицияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлүп, кийин айып пул салуу маселеси каралат.

Далил катары фото, видео жана башка техникалык жазууларды колдонууга уруксат берилет.

Өзгөртүүлөр жарандардын арыз-даттанууларына, өзгөчө кечки жана түнкү убакта, ыкчам жооп берүүгө шарт түзөт.

Ал эми Жаңы жыл түнүндө тынчтыкты сактоо талаптары колдонулбайт — 31-декабрда саат 22:00дөн 1-январда саат 03:00гө чейин.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *