Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда кооптуу окуя катталды. Белгисиз эркек киши балдарга ичине ийне сыныктары салынган конфеттерди таратып жүргөн.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2015-жылы туулган кызы жана башка балдар белгисиз адамдан таттуу алып, кийин алардын ичинен учтуу ийне сыныктары табылган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Анын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда конфеттер жана тергөө үчүн маанилүү болгон башка буюмдар алынды.

