Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжановдун айтымында, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясынын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке болжол менен 350 миллион сом түшпөй калды.
Ал акция 15-январдан 31-мартка чейин жүргөнүн эске салды.
Салимжанов билдиргендей, бул мезгил ичинде жарандарга 378 миң жаңы айдоочулук күбөлүк акысыз берилди. 1-апрелден тарта мөөнөтсүз күбөлүктөрдү алмаштыруу акы төлөнүүчү болуп, баасы 1 389 сомду түзөт.
Ошол эле учурда 2026-жылдын аягына чейин 083-формадагы медициналык маалымкат талап кылынбайт.

