Бишкекте бүгүндөн тарта жол кире кымбаттайт. Автобус-троллейбустарда карта менен төлөсө 17 сом, накталай 20 сом болот. Жеке автобус менен кичи автобустарда жол акысы 20 сомду түзөт. Азыр жол акы автобус-троллейбустарда 11 сом, кичи автобустарда 15 сомду түзөт.

