Садыр Жапаров кийинки Президенттик шайлоого катышат. Маалыматты “Кабар” агенттигине президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов тастыктаган.


Президент Садыр Жапаров экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышат. Учурда узак мөөнөттүү, өлкөбүз үчүн стратегиялык маанидеги эл аралык долбоорлорго старт берилип, пландалып жатканын эске алганда Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышуусу саясаттагы ырааттуу кадамы болот“, – деди Аскат Алагөзов.


Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Эксперттер талдайт” берүүсүндө өлкө башчысы кийинки президенттик шайлоодо ат салышарын айткан.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2021-жылдын январында ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришкен.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *