Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Орусияда өткөн мелдеште байгелүү орундарды багынтты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.


“Иван Ярыгин-2024” кубогуна арналган эл аралык мелдеш Красноярск шаарында 25-28-январь күндөрү өткөн. Ага 24 өлкөдөн келген спортчулар катышты. Байге фонду 7 млн рублды түзгөн мелдеште жалпы 20 комплект медаль ойнотулду.
Эл аралык мелдеште кыргызстандык үч балбан кыз коло медаль тагынды:
Алар
Калмира Билимбек кызы (59 кг);
Жаркынай Нурлан кызы (62 кг);
Нурзат Нуртаева (72 кг).
Курама команданы улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *