ЮНИСЕФ Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жалпы баасы 4,5 млн сомдон ашуун 25 чоң чатырды тапшырды. Аларды жаш балдарды окутуу, тамактануу же саламаттыкты сактоо боюнча убактылуу кызмат көрсөтүүчү, же адамадарды убактылуу жайгаштыруучу жай катары колдонсо болот. Бул тууралуу ЮНИСЕФтен билдиришти.
Чатырлардын жылуу жана суук аба ырайы шарттарына ылайыктуу эки түрү бар.Чатырлардын өлчөмдөрү 72 жана 42 чарчы метрди түзөт. Андан тышкары, ЮНИСЕФ пол төшөө катары колдонула турган брезент жана өзгөчө кырдаалдар убагында колдонулуучу санитардык шаймандарды берди.
Чатырларды тапшыруу аземи Ош шаарында өтүп, ага өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучусу Кристина Бруджиоло катышты.
«Тилекке каршы, биз бардык кырсыктарды алдын ала албайбыз. Бирок аларга даярдык аркылуу алардын терс кесепеттерин жеңилдетсек болот. Бул жабдуулар Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана калкты, өзгөчө жаш балдарды, коргоо мүмкүнчүлүктөрүн күчөтөт деп ишенебиз«, — деп белгиледи ЮНИСЕФТИН Кыргызстандагы өкүлү.

