Алмамбет Шыкмаматов карызды банктык эсептен алуу ыкмасы тууралуу түшүндүрмө берди.
Башкы салыкчынын айтымында, салыкты өндүрүү бир нече баскычта ишке ашат.
Алгач, төлөөчүгө маалымкат, телефонуна СМС билдирүү жиберилет.
Жаран бир ай ичинде салыкты төлөйт же ага апелляция жаза алат. Эгер бир ай ичинде төлөм жүргүзүлбөсө, Салык кызматы карызкор жарандын эсебинен салыкты чечип алуу боюнча банкка талап жиберет.
Жаңы эрежелер 1-январдан тарта күчүнө кирген.

