“Түндүк” тиркемеси Президенттин иш башкармасына өттү

“Түндүк” ачык акционердик коому Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин иш башкармалыгына өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

“Түндүк” — мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүү жана тездетүү үчүн 2025-жылы түзүлгөн Кыргызстандын улуттук санариптик платформасы болуп саналат.

“Түндүк” тиркемеси аркылуу адамдар документтерди алмаштыруу, жашаган дарегин которуу, ооруканага жазылуу, автоунааны кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу сыяктуу кызматтарды колдоно алат.

Эске сала кетсек, акыркы жылдары Президенттин иш башкармасына бир катар мамлекеттик мекемелер өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *