Ош облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдамалары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге коомдук жайларда жарандарды кабыл алышууда.Кызматкерлер жергиликтүү тургундардын ар кандай көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча жеринде иш алып барууда. Ал эми, маселени чечүүдө убакыт талап кылган, же болбосо башка мамлекеттик органдарга тиешелүү кайрылууларды тийиштүүлүгү боюнча кат жолдошуп, аткарылуусун көзөмөлгө алып жатат. Мындан сырткары, жарандарга коомдук жайларда, эс алуучу жана сууга түшүүчү жайларда адеп-ахлакка туура келбеген жосундарды жасабоо, жалпыга бирдей болгон коомдук тартипти сактоо жана күтүлбөгөн кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жургузуп жатат.
2024-жылдын 7 ай аралыгында, жалпысынан 434 жолу айылдарга чыгуулар уюштурулган. Анда 988 жаран ар түрдүү маселелер менен кайрылышкан. Жалпы 503 арыз жана даттануулар кабыл алынган. Алардын ичинен коопсуздук менен байланышкан 1, башка мамлекеттик органдарга тийиштүү болгон 502 арыз жана даттануулар түшкөн. Калган кайрылуулар боюнча жеринде юридикалык кеӊештер берилген.
Арыз кайрылуулардын тийиштүүлүгү боюнча өз алдынча башкаруу органдарына 111 кайрылуу жөнөтүлгѳн. Андан сырткары райондук мамлекеттик органдарга 48 кайрылуу жиберилген, Укук бузулар боюнча 186 протокол толтурулуп, тийиштүү чаралар көрүлгөн.



