Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун айтымында Кыргызстанда бокс академиясын ачууга жер бөлүнгөн. Долбоор даярдалган жана бекитилген. Азыркы учурда даярдык иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча биринчи жолу Олимпиадага лицензияны мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алган. Ал Париж Олимпиадасында финалга чейин жетип, күмүш медал тагынды.

