Анын арасында Камчыбек Ташиевдин убадасынан кийин иштен көтөрүлгөн Нарындын мэри дагы бар.
Төмөнкү аймактардын жетекчилери алмашты:
Темирболот Абыкеев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими болуп дайындалып, Руслан Айтбаев иштен кетти.
Алтынбек Бектуров Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалып, Талантбек Эдилов иштен бошоду.
Ниязбек Козуев Москва районунун акими кызматынан бошотулуп, Илияз Ташбаев келди
Алмаз Байгазиев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалып, Алтынбек Жумаев аталган кызматтан кетти.
Эдилбек Тажимырзаев Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалып, Нуртилек Орозбаев иштен алынды.
Бакытбек Кошалиев Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды.

