Москвага жааган кардын калыңды 12 сантиметрге чейин жетти. Синоптик Михаил Леустун айтымында, бул апрель айы үчүн акыркы 55 жылдагы рекорддук көрсөткүч.
Калың кардан улам шаарда дарактар кулап, айрым унаалар жабыркады. Бийлик тургундарды коомдук транспортту колдонууга чакырып, самокат жана велосипеддерди ижарага берүүнү убактылуу токтотту.
Коммуналдык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.


