Бишкекте биринчи жолу BITF 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсү өтөт

Борбор калаада биринчи жолу эл аралык туризм жана меймандостук көргөзмөсү — Bishkek International Tourism Fair (BITF 2026) өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) төрагалыгынын алкагында уюштурулууда.
Көргөзмө кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилетүүгө жана туризм менен меймандостук тармагында жаңы ишкердик мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Конокторду эмнелер күтөт:

Кыргызстандын 7 облусунун туристтик потенциалы;

139 катышуучу компания, анын ичинде Тажикстан, Кытай, Өзбекстан жана Индиянын өкүлдөрү;

Туризм жана меймандостук тармагында иштеген эл аралык жана жергиликтүү компаниялар;

Жаңы туристтик каттамдар жана эс алуу форматтары.

Өткөрүлүүчү жер: «Жаштык» аренасы
Күндөрү: 30-апрель – 2-май
Убактысы: 10:00 – 18:00
Кирүү: акысыз

Иш-чаранын уюштуруучулары — Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү агенттиги жана «BiExpo» көргөзмө компаниясы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *