Бишкекте мотоцикль, скутер жана мопед айдоочуларына карата ири рейддер жүрүүдө

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы билдирди.

Иш-чаранын максаты — жол коопсуздугун камсыз кылуу жана кырсыктардын алдын алуу.

Рейд учурунда айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол эрежелерин сактоо эскертилүүдө.

Документтери жок же техникалык талаптарга жооп бербеген транспорт каражаттары үчүн протокол түзүлөт.

Адистер эки дөңгөлөктүү транспортту мыйзам бузуу менен колдонуу кооптуу экенин эскертип, айдоочуларды эрежелерди так сактоого жана коргоочу каражаттарды колдонууга чакырышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *