ИИМ Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас суракка чакырылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев милицияга суракка чакырылганы тууралуу маалыматты төгүндөөдө.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Султан Макилов «Азаттыкка» билдирген. Ал «Кыргызнефтегаз» ишканасы боюнча иш козголгонун ырастап, анын алкагында бир нече адам суракка чакырылганын маалымдады, арасында Тай-Мурас Ташиев болбогонун айтты.

Буга чейин айрым булактар Тай-Мурас Ташиев милицияда суракта экенин кабарлашкан. ИИМ бул кабарды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес, маалымат кийинчерээк берилерин билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *