Кыргызстанда кадрларды даярдаган борбор куруу пландалууда

Бул тууралуу ЕАЭБ ишкерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, мындай борбор ички жана тышкы рынокко ылайыкталган кадрларды окутат.

“Бизге келген чет өлкөлүк адистердин айрым квалификациялык деңгээли керек. Ошондой эле тилди, өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрүнөн кабары болушу зарыл”, — деди ал биздин маалымат борбордо.

Ибраев бул жумушчу күчтүн сапатын жакшыртып, эмгек ресурсун экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи. Кыргызстан эл аралык эмгек рыногунда суроо-талап күч болгон кадрларды даярдап, андан акча тапса болору айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *