Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча дүйнөлүк рейтингинде 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктен билдиришти.


Маалыматка ылайык, мындай жыйынтык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун рейтингин түзгөн көз карандысыз “The Economist Intelligence Unit” экономикалык журналынын баалоосуна ылайык чыгарылган.


Бүгүнкү күндө КР Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинин инвестициялык көлөмү 100 млрд сомдон ашып, 68 долбоорду түзөт.


2021-2023-жылдар аралыгында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун портфели 32ден 68 ге чейин көбөйтүлгөн жана 2024-жылдын башында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча 27 келишимге кол коюлуп, жалпы инвестициялык сумма (350 млн доллар) 31 млрд сомдон ашты.


2023-жылга карата иш-чаралардын алкагында жеке инвестицияларды тартуу менен Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча 2,1 млрд сомдон (24 млн доллар) ашык суммада 6 келишимге кол коюлган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *