Кыргызстан өз акчасын чыгара баштады

Бүгүн өлкө үчүн өзгөчө маанилүү учур — Кыргызстан алгачкы жолу улуттук валютасын өз аймагында басып чыгара баштады.

Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип бастырып келген элек. Эми тескерисинче, башка мамлекеттердин акчаларын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык”, — деп жазды Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасына.

Кыргызстанда акча чыгарууга тиешелүү бардык эл аралык талаптарды тастыктаган сертификат бар. Бул жогорку сапатты жана коопсуздукту камсыз кылат.

Ошондой эле өлкөдө паспорттор, ID-карталар, айдоочулук күбөлүктөр жана башка маанилүү документтер да заманбап деңгээлде чыгарылып жатат.

Учурда Кыргызстан бир нече мамлекеттерден буйрутма алып, валюта жана мамлекеттик документтерди даярдоого даяр.

Жогорку коргоо элементтери документтерди жасалмалоону дээрлик мүмкүн эмес кылат, ал эми баалар жеткиликтүү бойдон калат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *