Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда 2024-жылдын 2-февралында, таңкы саат 03:00 чамасында авария катталды. Түнкү кезекте турган 5 кызматкер жаракат алып, анын экөөнүн абалы оор экендиги маалымдалды.
Бишкек шаарындагы ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.
Учурда ЖЭБдин кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.
Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү.
Мекеме шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

