Бишкекте мектеп, бала-бакчалар 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлдү. Билим берүү жана илим министрлиги аралыктан окууга Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) катталган аварияны жүйөө келтирди.


Белгилей кетсек, ЖЭБте 2-февраль түнкү саат 03:00 чамасында авария болду. Анда 5 кызматкер жабыркап, экөөнүн абалы оор экендиги маалымдалды.


Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү үчүн 2-3 күн убакыт кетет. Ошондой эле жылуулук режимин сактоо максатында ысык суу берүүдө чектөө киргизилгени кабарланды.


КР Энергетика министрлиги ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн маалымдады.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *