Синоптиктер абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болорун билдиришти. Ал эми жаан-чачын норманын чегинде болору күтүлүүдө.
Чүйдө абанын температурасы түнкүсүн +1…+6 градустан +11…+16 градуска чейин, айрым түндөрү -2…-6 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз +11…+16 градустан +20…+25 градуска чейин көтөрүлөт. Айрым күндөрү кайра +5 градуска чейин түшүп, кээде +32 градуска чейин ысышы божомолдонду.
Таласта түнкүсүн +1…+6 градустан +9…+14 градуска чейин жылып, кээде -3…-5 градуска чейин үшүк жүрөт. Күндүз +9…+14 градустан +19…+24 градуска чейин жылыйыт. Айрым күндөрү күндүн табы +31 градуска чейин чыгат.
Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн +2…+7 градустан +11…+1га чейин жылыйт. Кээде -2ге чейин түшөт. Күндүз +12…+17ден +22…+27 градуска чейин көтөрүлүп, кээде +33 градуска чейин чыгат.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1ден +6…+11 градуска чейин болот. Күндүз +9…+14дөн +19…+24, айрым күндөрү +3 градуска чейин түшөт.
Нарында түнкүсүн 0…-5тен +5…+10 градуска чейин, күндүз +3…+8ден +13…+18 градуска чейин көтөрүлөт. Айрым күндөрү +24 градуска чейин жогорулайт.

