Тышкы иштер министрлиги Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймактарындагы Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча атайын эвакуациялык авиакаттам уюштурууда.
Эвакуациянын биринчи этабында жарандардын тизмеси түзүлүп, виза жана өлкө аймагынан чыгуу үчүн уруксаттар алынган.
13-мартта жарандар Эль-Кувейт, Манама жана Доха шаарларынан автобустар менен Эр-Рияд шаарына багыт алды.

