Ош шаарында 75 орундуу балдар бакчанын имараты курулууда. Мурунку балдар бакчасынын эски имараты тиешелүү кызматтар тарабынан пайдаланууга жараксыз деп табылган. ИИМдин жетекчилигинин тапшырмасынын негизинде эски имарат буздуруп, курулуш иштери 2023-жылдын экинчи чейрегинде башталган.
Бала бакча эки кабаттуу, фундаменти бетондон, дубалдары бышкан кыштан салынып, жалпы аянты 618 чарчы метрди түзөт. Имарат өзүнө 3 бөлмө, үч уктоо бөлмөсүн, үч ойноочу жайын, эки тамактануучу жайын жана ашкананы камтыйт.
Бүгүнкү күнгө имараттын пайдубалынын жумуштары бүткөрүлүп, биринчи кабатынын дубалдарын тургузуу иштери аяктоодо. Бала бакчаны толук колдонууга берүү ушул жылдын май айларына мерчемделүүдө.
Бала бакчанын курулушу менен милиция кызматкерлеринин балдарынын мектепке чейинки талим тарбиясын алуу шарттары бир кыйла жогорулап, келечек муунду татыктуу өстүрүүгө өбөлгө түзөт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *