Кыргызстандык окуучулар Румынияда өткөн VIII эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында алты медаль алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Мелдеш 10-12-февралда өткөн. Кыргызстандык окуучулар үч күмүш жана үч коло медаль жеңген.
Алар: Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
Ян Бобрус, Бишкектеги “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;
Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.
Абдуллахан Абдирасулов, Ош “Сема” лицейинин 8-классынын окуучуcу – коло медаль;
Байыш Миңбаев, Ош “Сема” лицейинин 9-классынын окуучуcу – коло медаль.
Мелдешке Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Бельгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казакстан, Молдова, Румыния, Сирия жана Украинадан 135 окуучу катышкан.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *