Президент Садыр Жапаров “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган, алдын алуу чарасын кошумча тандоо, заманбап санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн киргизүү жана пайдалануу укугун карайт, атап айтканда:
–Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине электрондук жана башка техникалык контролдоо каражаттарын (электрондук билерик) пайдалануу аркылуу электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү алдын алуу чарасынын жаңы түрү киргизилүүдө;
– жазык иштерин кароонун мөөнөттөрүн кыскартуу, тараптардын процесстик чыгымдарын кыскартуу, жакындарынын жана туугандарынын соттук отурумдар өтүүчү жерге баруусуна, аларды жайгаштырууга кеткен чыгымдарына байланыштуу кошумча чыгымдарды жоюу, коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында жана Соттук териштирүүдө тартипти камсыз кылуу жана тараптардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо, процесстерге аралыктан (видеоконференция аркылуу) катышуусу камсыз кылынат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *