Кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Эске салсак, катаал аба-ырайына байланыштуу, Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, каттам жабылган. Буга байланыштуу айдоочуларга аталган каттам менен сапарга чыкпай туруу сунушталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *