Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин Улуу Британия Бириккен Падышалыгы жана Түндүк Ирландия, Ирландия менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Жанарбек Акаев да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Мындан сырткары март айында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Улуу Британияга визитин уюштуруу маселеси каралды.
Улан Примов менен Николас Боулер Улуу Британиянын парламентинин жана аткаруу бийлигинин расмий өкүлдөрү менен пландалган жолугушуулар жана программалар боюнча пикир алмашты.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы мамилелер мындан ары да жигердүү өнүгүп жана кеңейе берерине ишенимин билдиришти.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *