Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Баатыр энерлер үчүн ар айлык социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө» токтом долбоору каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Демилгечи депутат Камила Талиева белгилегендей, токтом долбоор Баш мыйзамдын ченемдерин жана «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамдын 5-беренесин эске алуу менен баатыр энелердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоордо баатыр энелерге ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн 2-3 эсеге көбөйтүү сунушталууда. Эске салсак, азыр жөлөк пулдун суммасы 1000 сом, ал пенсияга кошулуп берилет.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *