Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болуп Камчыбек Ташиев шайланды. Бүгүн, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун президентин шайлоо өттү. Ага жалгыз талапкер катары Камчыбек Ташиев сунушталган.
Жыйында Кыргыз футбол союзунун президентин шайлоо добуш берүү менен ачык өттү. Ташиев бир добуш менен футбол союзунун президенти болуп шайланды. Аткаруу комитети да шайланып, алар 2026-жылдын апрель айына чейин иштешет.
Ташиев жетекчилик кызматта кандай иштердин үстүндө иштей турганын айтып берди.Тагыраагы союздун жаңы президенттигине шайлоодон кийинки брифингде ал негизги үч пункту атады:
 инфраструктураны жакшыртуу;
 жаштар футболун өнүктүрүү;
 жергиликтүү чемпионаттарды күчтөндүрүү.
Буга байланыштуу бардык облустарда жана райондордо спорттук комплекстерди тартипке келтирип, футбол аянтчаларын куруу пландалууда.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *