Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Тескеменин максаты Министрлер Кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин ооздуктоо туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү болуп саналат. Мындан сырткары 2024-жылы социалдык маанилүү товарлардын ата мекендик өндүрүшүн мамлекеттик колдоо максатталган.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинети буга чейин өсүмдүк майына, унга жана буудайга кошумча нарк салыгын нөлгө түшүрүү, айрым товарларды (жем, пияз, минералдык жер семирткич ж.б.) экспорттоого чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу бааларды турукташтырууга өбөлгө түзгөн чараларды көргөн.

