20-февралга чейин абанын температурасы төмөндөйт . Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Суук аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан 20-февралына чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138 -чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда , 198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунун Чычкан капчыгайында; Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *