Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, негизги кирешени коммерциялык банктар камсыздады — 35,7 млрд сом. 25 банктын 21и жылды пайда менен жапса, үчөө чыгашага учураган, дагы бири нөлдүк жыйынтык көрсөткөн.
Бирок кайсы банктар чыгашага кеткені ачык айтылган жок.
Каржы секторундагы эң ири сегмент болгон насыялык уюмдар дагы 6,7 млрд сом киреше тапты, бирок алардын арасында нөлдүк жыйынтык же чыгаша менен бүткөндөр да бар.
Камсыздандыруу компаниялары болсо 2,1 млрд сом киреше көрсөткөн. Жалпысынан сектордо 578 ишкана иштеп, анын 340ы 45,5 млрд сом пайда тапкан, ал эми 86 ишканада 967,5 млн сом чыгаша катталган.


