Октябрь Урманбетов талап кылынган документтердин ичинен соттолбогондугу тууралуу маалымкат, ишеним кат жана салык карызы жоктугу боюнча маалымат алып салынарын белгиледи.
ИИМ башчысынын орун басары 20-майдан тарта процесс толугу менен онлайн болорун билдирди.
Министрдин орун басары учурда жеке ишкерлерге 15 миң лицензия, юридикалык жактарга 410 лицензия берилип, дагы 635 арыз каралып жатканын кошумчалады.
Мындан тышкары, жыл башынан бери 2 миң 61 жаран жана 20 компания автобус жана кичи автобус каттамдары үчүн уруксат алган.
Урманбетов билдиргендей, лицензия менен иштөө талабы эки жолу жылдырылып, азыркы тапта 1-июлга белгиленген.


