Сириянын президенти Ахмед Хусейн аш-Шаара Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоого даяр экенин билдирди.
Бул тууралуу Азамат Кадыралиев менен болгон жолугушууда, Анталия дипломатиялык форумунун алкагында айтылды.
Кыргыз тарап июнь айынын башында өтө турган шайлоодо колдоо көрсөтүүнү өтүнүп, араб өлкөлөрүнүн добушу маанилүү экенин белгиледи. Жолугушууда ошондой эле эки тараптуу кызматташтык, аймактык жана эл аралык коопсуздук, гуманитардык байланыштар талкууланды.


