Ички иштер министрлигине коомдук тартипти камсыз кылууга багытталган 66 унаа тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетини төрагасы белгилегендей, республика боюнча 2 жылдын ичинде 42 имараты жаңы салынды. Өлкө боюнча РИИБдин бүт имараттары оңдоп түзөөдөн өттү.
“Ар бир аймактык милиция кызматкери атайын камералар менен камсыз болду. Санариптештирүү жаатында коомдук коопсуздук үчүн 800гө жакын сервердик жабдууларды, видеорегистраторлорду, планшеттерди, 1200 боди-камера республикалык бюджеттен сатып алынды. Ар бир милиция бөлүмдөрүнө атайын камералар орнотулуп, катардагы кызматкерлерге төш-камералары берилген. Ошондой эле ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоо үчүн санариптик технологиялар киргизилди. Акыркы 2 жылда 300дөн ашуун автотранспорт, жол коопсуздугун сактоо багытында 22 мобилдик “Ураган” автокомплекс сатып алынып, ар бир райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү унаалар жаңыланды. Бүгүнкү күндө 36 жаңы унаа Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Жакынкы аралыкта дагы 50 жаңы унаа келет”, — деп кошумчалады Акылбек Жапаров.
