Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Мекеменин маалыматына караганда, 3 эмди 36 жаштагы айым 2-январда операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келген. Ымыркайлардын салмагы – 2 кг 80 г, 2 кг 340 г, 2 кг 140 г болуп төрөлүшкөн. Кыздардын жана апасынын абалы туруктуу, алар учурда кам көрүүнүн экинчи этабында.


Кыздардын апасы перинаталдык борборго 2023-жылдын 28-декабрында келип түшкөн. Анда эрте көз жаруу жана анемия коркунучу бар болчу“, – деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *