Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан 2025–2030-жылдарга карата Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын алкагында киргизилүүдө.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары жана Кара-Көл шаарындагы Жазы-Кечүү айылы үчүн өзүнчө шарттар каралган. Алар үчүн электр энергиясынын бир бөлүгү Токтогул ГЭСинин курулушунан келтирилген зыянды компенсациялоо тууралуу мыйзамга ылайык өздүк наркы менен төлөнөт.
Министрлик белгилегендей, тарифтерди өзгөртүү энергетикалык системанын туруктуу иштешин камсыз кылууга жана электр энергиясынын баасын этап-этабы менен теңдөөгө багытталган.
Белгилей кетсек, тарифтер салыктарды эсепке албастан көрсөтүлгөн.



