Кыргызстанда жасалма интеллект кайсы кесиптерди алмаштырат?

Кыргызстанда жасалма интеллекттин өнүгүшү менен эмгек рыногунун түзүмү өзгөрүп жатат. Бирок бул адамды толугу менен машиналар алмаштырат дегенди билдирбейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, технологиялар эң оболу иши кайталанма аракеттерге негизделген тармактарга таасир этет. Жарым-жартылай сүрүлүп чыгуу коркунучунда административдик кызматкерлер, колл-борборлордун операторлору, баштапкы деңгээлдеги котормочулар, ошондой эле алгачкы документтер менен иштеген бухгалтерлер бар.

Мындан тышкары, өзгөрүүлөр медиа жана билим берүү тармактарынын айрым сегменттерине да тиешелүү болот. Жасалма интеллект типтүү тексттерди түзүп, тесттик тапшырмаларды текшерүүгө жөндөмдүү болот.

Ошол эле учурда медицина, укук, IT, билим берүү жана мамлекеттик башкаруу сыяктуу тармактарда технологиялар адистерди алмаштырбайт. Тескерисинче, алардын ишин жеңилдеткен курал катары кызмат кылат.

Адистердин баамында, эң ылдам өзгөрүү банк тармагында, телекоммуникацияда жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө жүрөт. Анткени бул тармактарда санариптик база буга чейин эле калыптанып калган.

Министрлик баса белгилегендей, негизги багыт — күнүмдүк көндүм, кайталанма жумуштардын азайышы жана аналитикалык, чыгармачыл көндүмдөрү бар адистерге суроо-талаптын өсүшү болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *