2023-жылы видеокамералардын жардамы менен 3 миңге жакын кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 800дөн ашык кылмышкер кармалды, ошондой эле 150гө жакын дайынсыз жоголгондор аныкталып, 200дөй мушташтын алдын алууга мүмкүнчүлүк болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.


Коомдук жайларга орнотулган 3000 ге чукул камеранын 800дөн ашыгы Коомдук коопсуздук кызматынын алдында Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган, анын 100дөн ашыгы адамды жүзүнөн тааныйт.


Белгиленгендей, өлкөнүн бардык аймактарында криминогендик кырдаал онлайн режиминде бирдиктүү ыкчам башкаруу борбору аркылуу 24 саат бою 7 күн көзөмөлгө алынат. Ал эми ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ичинде, нөөмөттүк бөлүктөр жана убактылуу кармоочу жайларында 300дөн ашык видеокамера менен көзөмөлгө алынып турат. Учурда ИИМдин демилгеси менен жергиликтүү бийлик органдар менен бирдикте дагы жүздөгөн видеокамераларды орнотуу пландалууда.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *