Муз астына кирип кеткен балдар куткарылды

Балыкчы шаарында муз астына кирип кеткен эки жаш өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу маалыматты ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда 8-январь күнү болжол менен саат 15:25 чамасында шаардык милициянын нөөмөт кызматына телефон аркылуу билдирүү түшүп, анда көлмөнүн үстүндө коньки тээп жаткан балдар, муз астына кирип кеткендиги маалымдалган.
Көлмөнүн үстүндөгү муз ичке болгондуктан, балдар сууда араң карманып турушкан. Милиция кызматкери үстүндөгү формасын чече коюп, муз болгон көлмөгө кирип, балдарды куткарууга бар күчүн жумшаган. Куткарылган балдар 10 жана 12 жаштагы бир туугандар. Алар медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда абалдары туруктуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *