Баткенде уранды астында калган 2 кен казуучу куткарылды

Сүлүктү шаарындагы «Южный 3» көмүр кенинде урандынын астында калган эки кен казууучу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 7-январда Сүлүктү шаарындагы «Южный 3» шахтасында эки жумушчу урандынын астында калган. Жалпысынан 18 куткаруучу тартылган.
Кечээ жүргүзүлгөн издеп-куткаруу иши көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн.Кырсык катталган убакыттан жарым саат өтпөй 1992-жылы жана 1976-жылы туулган жарандар куткарылган.


Эскерте кетсек Сүлүктүдөгү көмүр шахталарында соңку эки жыл аралыгында 94 куткаруу иштери аткарылып, анын ичинде алты жарандын өмүрүн сактап калышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *