Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы №36- тескемеси менен «Айыл чарбасын каржылоо – 14» долбоору бекитилген.
Долбоордун алкагында кеминде 2 448 000 000 (эки миллиард төрт жүз кырк сегиз миллион) сом өлчөмүндө 6 пайыздык чен менен насыя берүү каралган.
Насыялар «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору аркылуу берилет.
Насыя берүү шарттары:
«Мал чарбачылыгы» жана «Өсүмдүк өстүрүү» багыттары боюнча:
мөөнөтү — 36 айга чейин;
500 000 сомго чейин — күрөөсүз негизде;
1 000 000 сомго чейин — күрөө менен.
«Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары» багыты боюнча:
мөөнөтү — 36 айга чейин;
3 000 000 сомго чейин — күрөө менен.
Долбоордун алкагында каралган каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
«Мал чарбачылыгы» — 1 713,6 млн сом (70%);
«Өсүмдүк өстүрүү» — 489,6 млн сом (20%);
«Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары» — 244,8 млн сом (10%).

