Кыргызстанда сугат сууну эсептөө үчүн 1,5 миң электрондук эсептегич орнотулат

Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, учурда 498 суу сактагычта 884 млн куб метр суу бар — бул былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 30–35%га аз. 2026-жылы 1 млн 250 миң гектар жерге себүү пландалып, сугат каналдарын оңдоо жана куруу үчүн бюджеттен 12 млрд 300 млн сом бөлүндү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *