Мекеменин башчысы Рахат Мусаева жаңы конуштарда ачылган орус тилдүү класстарда билим берүүнүн деңгээли төмөн болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, орус класстар үчүн 400дөн ашык мугалим жетишсиз.
“Предметтик мугалимдер жетишсиз болууда. Ушуга байланыштуу Билим берүү департаменти Агартуу министрлигине класстарды кыргыз жана орус тилдүү деп бөлбөстөн, айрым сабактарды эки тилде окутуу сунушун киргизген. Демилгеге ылайык, сабактардын бир бөлүгү кыргызча, бир бөлүгү орусча өтүлүп, мүмкүнчүлүк болсо англис тилинде окутууга өтүү пландалууда”, — деди Мусаева.

