Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи каза болгону тастыкталды

Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи Израиль менен АКШнын чабуулдарынан каза болгонун Ирандын мамлекеттик телеканалы тастыктады.

“Ирандын улуу Жогорку лидери Имам Хаменеи каза болду”, – деп айтылат билдирүүдө.Tasnim агенттиги маалымдагандай, Хаменеи 28-февраль эртең менен кеңсесине жасалган чабуулда каза болгон.

Жогорку лидердин өлүмүнө байланыштуу Иранда 40 күндүк аза күтүү жана бир жумалык эс алуу күн жарыяланды.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Али Хаменеинин өлүмүн жарыялаган. Бирок Ирандын Fars маалымат агенттиги булакка шилтеме берип, Жогорку лидердин кызы, күйөө баласы, небереси жана келини гана каза болгонун жарыялаган болчу.

28-февраль эртең менен Израиль менен АКШ Иранга каршы биргелешкен аба соккуларын жасаган. Иран ага жооп кайтарып, Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларын бутага алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *